Садыр Жапаров Европарламенттин депутаттарын кабыл алды

Жолугушууга Борбор Азия өлкөлөрү менен байланыш боюнча делегациянын төрайымы Жузеппина Принчи баштаган жети депутат катышты.

Анда Кыргызстан менен Европа Биримдигинин ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо жана адам укуктары, сөз эркиндиги талкууланды.

Садыр Жапаров ЕБ менен кызматташуу Кыргызстан үчүн артыкчылыктуу багыттардын бири экенин билдирди.

Ал эми Жузеппина Принчи эки тараптуу алака ырааттуу өнүгүп жатканын белгилеп, билим берүү тармагындагы байланыштарды тереңдетүү керектигин айтты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташтыкты мындан ары да чыңдоого даярдыгын билдиришти.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *