“Агро Диалог – 2026”: Чемпиондор кызыл килемден өтүштү

“Агро Диалог – 2026” иш-чарасы К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин базасында өтүүдө. Иш-чара айыл чарба тармагындагы инновацияларды жайылтуу, дыйкандардын тажрыйба алмашуусун күчөтүү жана өндүрүштүн натыйжалуулугун жогорулатуу максатын көздөйт.

Иш-чаранын алкагында 2025-жылдын жыйынтыгы менен “чемпион” аталган алдыңкы дыйкан-фермерлер салтанаттуу түрдө кызыл килемден өтүшүп, коомчулукка тааныштырылды. Тармактагы мыктыларга медалдарды жана 25 миң сомдук сертификаттарды министр Бакыт Төрөбаев ыйгарды.

Белгилей кетсек, “Агро Диалог – 2026” иш-чарасы 18–20-февраль күндөрү агрардык университетте өтүп, 21-февралда жыйынтыктоочу бөлүгү Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтөт. Ага Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *