18-февралда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев кызматтан кетүүгө арыз жазганы белгилүү болду. Бул тууралуу президенттик администрациядагы булактар ырастады.
Токторбаев бүгүн “Азаттыкка” кыска маек берип, кызматын улантуу ниети бар экенин, бирок муктаждык жаралса арыз жазууга даярдыгын билдирген.

