2026-жылдын 1-январына карата Кыргызстанда кийим-кече, азык-түлүк, аралаш жана адистештирилген 315 базар иштеген. Бир жыл мурда алардын саны 332 болчу. Демек, базарлардын саны 5,1%га азайган.
Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык:
•272 базар — азык-түлүк жана азык-түлүк эмес товарлар;
• 33 базар — мал, канаттуулар жана дан тоюттары;
• 10 базар — автоунаалар жана автоунаа тетиктери.
Базарлар эң көп жайгашкан аймактар:
• Ош облусу — 71;
• Бишкек шаары — 64;
• Жалал-Абад облусу — 62;
• Чүй облусу — 31;
• Баткен облусу — 29;
• Нарын облусу — 20;
• Ысык-Көл облусу — 13;
• Ош шаары — 13;
• Талас облусу — 12.
Жалпысынан Ош жана Жалал-Абад облустарында, ошондой эле Бишкек шаарында 197 базар жайгашкан. Бул өлкөдөгү бардык базарлардын 62,5%ын түзөт.


