Slider

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин кызматкерлери «Эркин-Тоо» гезит-китеп басып чыгаруучу ишканасынын имаратын тарыхый жана маданий эстеликтердин мамлекеттик тизмесинен мыйзамсыз чыгарып салышкан.Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен кабарлашты.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, Маданият министрлигинин айрым кызмат адамдарына карата териштирүү жүрүп жатат. Алар имаратты жана анын тегерегиндеги жер тилкелерин мамлекеттик тизмеден чыгаруу боюнча маселени кароодо кызмат абалынан пайдаланган жана чечимди мыйзамсыз чыгарганы аныкталды.

УКМКнын маалыматы боюнча, Бишкектин «алтын квадратында» жайгашкан имарат өкмөттүн 2002-жылдын 20-августундагы токтому менен республикалык маанидеги тарых жана маданият эстеликтеринин тизмесине киргизилген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *