Бүгүн, 17-ноябрда Бишкектин батыш тарабында Ми-8 аскердик тик учагы кырсыкка учурады. Бул тууралуу «Кыргызаэронавигация» мамлекеттик ишканасынан билдиришкендигин “Кабар” кыргыз улуттук маалымат агенттиги жазды.


«Жергиликтүү убакыт боюнча саат 10:55те «Фрунзе — 1″ авиабазасында Ми-8 аскердик тик учагы кулап түшкөн. Учак 203. Экипаждын тагдыры азырынча белгисиз. Кошумча маалымат берилет», — деп айтылат билдирүүдө.


Коргоо министрлигинен билдиришкендей, КР Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн тик учагы конууга аргасыз болгон. Жабыркагандар бар.
«Коргоо министрлигинин жана Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн кызмат адамдары тарабынан бул окуянын чоо-жайын тактоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Тергөөнүн жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат кийинчерээк билдирилет«, — деп айтылат маалыматта.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *