Slider

Кыргызстанда коронавируска каршы вакцина алгандардын абалы канааттандырарлык, эч кандай арыз-даттануулар түшкөн жок. Бул туурасында Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

SinoPharm вакцинасы менен эмделгендер бирдиктүү электрондук базага киргизилген, бүгүнкү күндө эмделген 644 жарандын 311и сурамжылоодон өттү.

Анда вакцина алгандан кийин алсыроо (9 пайызында), баш оору (5 пайыз), ийне сайган жердин оорушу (13,8 пайыз), дене табынын бир аз көтөрүлүшү (5,14 пайыз), баш айлануу (4,8 пайыз), жүрөгү айлануу (2,2 пайыз), коркуу (1,29 пайыз) болгонун айтышкан. Мындай симптомдордун баары алгачкы 1-2-күндөрү байкалганы белгиленет.

Мониторинг жүргүзүүнүн максаты күтүлбөгөн реакциялардын пайда болушун убагында аныктап, вакцинанын пайда жана кооптуу жагына маани берүү экенин билдиришти.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *