Ош шаарында 7-10 жылдык мөөнөткө бөлүп төлөө менен өз баасында үй алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады. Ош мэриясынын муниципалдык ипотекалык ишканасы ипотекалык жана үлүштүк курулуш шартында элди турак жай менен камсыз кылуу багытында 2024-2027-жылга чейин «Жеткиликтүү турак жай» программасын ишке ашыруу концепциясын иштеп чыкканын белгиленди. Үлүштүк программа жарандарга жөнөкөйлөштүрүлгөн шартта өз баасында үй алууга мүмкүнчүлүк түзөт.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *