АКШда жашоого жана иштөөгө укук берген грин-карт (Green card) лотереясын ойнотуу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу Американын ички коопсуздук министри Кристи Ноэм X социалдык тармагы аркылуу билдирди.

Анын айтымында, мындай чечимге Браун университетинде ок атууга шектелген Клаудио Мануэл Невеш Валенте 2017-жылы грин-картаны дал ушул программа аркылуу алганы себеп болду.

Ноэмдин сөзүнө караганда, Валенте Кошмо Штаттарга Diversity Lottery иммиграциялык визалар программасы аркылуу 2017-жылы кирген.
Ал ошондой эле Дональд Трамп бул программаны токтотуу үчүн 2017-жылдан бери күрөшүп келгенин белгиледи.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *