Кечээ Толук айылынын тургундарынын ӨКМ менен бийликтен жардам сураган видеосу тараган. Алар 19-декабрдан бери жааган кардын калыңдыгы 1 метрден ашып, кыштоодо жете албай жатканын билдиришкен.
“Алар тоютсуз, тамак-ашсыз калды. Байланыш жок, телефон тартпай жатат”, — деген жергиликтүү тургун.
ӨКМ аларга кайрылуу түшкөнүн тастыктап, бүгүн Жарандык коргонуу кызматынын өкүлдөрү жолго чыгып кеткенин билдирди. Министрлик 7760 баш малдын 330у бодо мал, 180и жылкы экенин кошумчалады. Кыштоого барчу 50 чакырым жолду эки техника тазалап жатат.
