2025-жылдын башынан бери Кыргызстанда 1 545 чакырым жолго асфальт төшөлдү. Бул тууралуу транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Бекназар Базаралиев билдирди.
Анын айтымында, мындан тышкары бир катар жол тилкелеринде асфальттоого чейинки ири жер иштери аткарылып, алар кийинки жылы асфальт басууга толук даярдалды.
Министрликтин баштапкы планы болжол менен 1 миң чакырым жолду асфальттоо болгон. Жол куруучулардын жана өнөктөштөрдүн биргелешкен аракети менен бул көрсөткүч ашыгы менен аткарылды.
«Бул жыйынтыкты башка жылдар менен салыштырганда рекорд деп айтууга болот», — деди Базаралиев.
