Slider

Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиевага карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Бишкекте өткөн маалым жыйында УКМКны төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

Анын айтуусуна караганда, иш иликтенүүдө, тергөө аны кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн жетиштүү далилдерди топтогон.

«Материалдарды дисциплинардык комиссияга өткөрүп бердик. Эгерде комиссия чечим кабыл алса ал жоопкерчиликке тартылат. Ал мыйзам бузуп, натыйжада чоң зыян келтирген деп эсептейбиз. Биз ишти аягына чыгарабыз», — деди Ташиев.

Ал кайсы иш боюнча сөз болуп жаткандыгын ачыктаган жок.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *