Бүгүн, 9-февралда, №13 округдан Жогорку Кеңешке кайра шайлоого байланыштуу үгүт иштери башталды. Үгүт 28-февралга чейин уланат, ал эми шайлоо 1-мартта өтөт.
БШКнын маалыматы боюнча 25 талапкер катталган (15 эркек, 10 аял). Округда 94 шайлоо участогу ачылып, контролдук тизмеде 161 344 шайлоочу бар; кайра шайлоо 2025-жылдын 3-декабрында №13 округ боюнча жыйынтык 35 участктагы мыйзам бузуу себептүү жараксыз деп табылган соң дайындалган.

