Slider

Германия Кыргызстандын 14 миллион 900 миң евро карызын кечти. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев өзүнүн Telegram каналында билдирди.

Анын айтымында, Германия өкмөтү ал акчаны эки жыл ичинде Кыргызстандын аз камсыз болгон жарандарына ипотекалык насыя берүү үчүн колдонууну суранууда.

«Биздин өлкөнүн Каржы министрлиги Мамлекеттик ипотекалык компанияга сегиз ай сайын, жок дегенде үч жолудан дээрлик 5 миллион евро берип турат, ошондо МИК ипотекага акча жөнөтүп, пайыздардын бир бөлүгүн өзүнө алат», — деп белгилеген Дастан Бекешев.

Анын айтымында, ипотека Бишкек жана Ош шаарларынын тургундарынан башка бардык жарандарга берилет.

Ал кошумчалагандай, макулдашуу долбоору кечээ, Бюджет жана финансы боюнча комитеттин жыйынында каралган.

https://t.me/dastanbekeshev/1276

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *