Иш-чарага райондун алдыңкы малчылары, фермерлери жана тармактын адистери катышып, асыл тукум мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди колдоого алышты.
Көргөзмөнүн алкагында кочкорлордун сапаты, тирүүлөй салмагы, тукумдуулук өзгөчөлүктөрү жана сырткы көрүнүшү кылдат бааланды. Катышуучулар өз ара тажрыйба алмашып, асыл тукум мал өстүрүүдөгү жаңы ыкмалар менен бөлүшүүгө мүмкүнчүлүк алышты.
Белгилей кетсек, мындай иш-чаралар өлкөдө мал чарбасын өнүктүрүү саясатынын алкагында өткөрүлүп, Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан жүргүзүлүп жаткан реформаларды ишке ашырууга жана тармакты колдоого багытталган.
Жыйынтыгында мыкты көрсөткүчтөргө жетишкен катышуучулар райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан баалуу сыйлыктар менен сыйланышып, алдыңкы кочкорлор өзгөчө белгиленди.
Бул сыяктуу иш-чаралар аймактарда асыл тукум мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө, малдын сапатын жакшыртууга жана фермерлердин ортосундагы кызматташууну бекемдөөгө чоң өбөлгө түзөт.






