Президент Садыр Жапаров жумушчу сапар менен Ош облусуна келет

Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Сапардын жүрүшүндө президент бир катар өнөр жай жана социалдык объектилердин иши менен таанышат. Ошондой эле инфраструктуралык долбоорлордун ишке ашырылышын текшерет.

Анын ичинде билим берүү жана саламаттык сактоо мекемелеринин курулушу, жол тармагын өнүктүрүү жана аймактарды көрктөндүрүү иштерине өзгөчө көңүл бурулат.

Мындан тышкары, Садыр Жапаров социалдык мааниге ээ объектилерди ачуу аземдерине катышып, жаңы курулуш долбоорлорунун башталышына старт берет.

Бул иштер аймактагы элдин жашоо сапатын жакшыртууга багытталган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *