Ош шаарынын мэри кызматын уланта берерин айтты

Бул тууралууу Жеңишбек Токторбаев калаа бийлигинин коллегиялык жыйынынан кийин кесиптештерине кайрылып жатып айтты. Шаар башчысы интернетке тараган маалыматтарды фейк деп атап, анын кызматтан кетишине каршы болгондорго ыраазычылык билдирди. Буга чейин бир нече басылмалар Женишбек Токторбаев кызматын тапшыра турганын жазып чыккан. Мэриянын басма сөз кызматы бул маалыматты төгүндөгөн.

Кененирээк

Ошто Атабаев жана Төлөнов көчөлөрүндөгү көпүрөлөр оңдолууда

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте “Алымбек датка” муниципалдык аймактык башкармалыгына караштуу Атабаев жана Ю.Төлөнов көчөлөрүндө кезектеги таңкы рейд өткөрдү. Рейддин жүрүшүндө аталган көчөлөрдө жайгашкан үч көпүрөнүн демонтаждоо иштери жеринде текшерилип, курулуш процессин ыкчам жана сапаттуу бүтүрүү боюнча тиешелүү кызматтарга так тапшырмалар берилди. Шаар башчысы иштерди белгиленген мөөнөттө жана коопсуздук талаптарын…

Кененирээк

Ошто Монуев көчөсүн бойлото Кыр-Арык каналынын эки тарабында сквер ачылды

Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, буга чейин бул жерде соода түйүндөрү жана мыйзамсыз курулуштар демонтаждалып, жээк толугу менен бошотулган. Мэрдин тапшырмасы менен бошотулган аймак көрктөндүрүлүп, шаар тургундары үчүн сейилдөө жайы түзүлдү.

Кененирээк

Ош облусунда 40 миллион долларлык толук циклдеги текстиль өндүрүшү түзүлөт

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшанбек Сабиров Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айылындагы «Евразия Групп» компаниясынын тигүү фабрикасына барды. Иш сапар тигүү фабрикасынын экинчи этабын куруу боюнча инвестициялык долбоордун ишке ашырылышынын жүрүшү менен таанышууга багытталган. Долбоор боюнча биринчи жана кийинки этаптарды кошкондо инвестициянын жалпы көлөмү 40 млн АКШ долларын түзөт. Экинчи этаптын алкагында төмөнкү иштер каралган: •…

Кененирээк

Ош шаарында мыйзамсыз курулуштарды аныктоо улантылууда

Ош шаарынын шаар куруу жана архитектура башкармалыгы тарабынан Шакиров көчөсүндө мыйзамсыз курулуштарды аныктоо боюнча рейддик иш-чаралар жүргүзүлдү. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди. Рейддин алкагында аталган көчөдө жайгашкан ресторандар жана коммерциялык объектилер тарабынан жол тарапка мыйзамсыз чыгып кеткен бөлүктөрү такталып, тиешелүү өлчөө иштери жүргүзүлдү. Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча объект ээлерине эскертүүлөр берилди. Мэриянын маалыматына ылайык,…

Кененирээк