4 шаардын мэри жана 3 райондун акими алмашты

Анын арасында Камчыбек Ташиевдин убадасынан кийин иштен көтөрүлгөн Нарындын мэри дагы бар. Төмөнкү аймактардын жетекчилери алмашты: Темирболот Абыкеев Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун акими болуп дайындалып, Руслан Айтбаев иштен кетти. Алтынбек Бектуров Базар-Коргон районунун акими болуп дайындалып, Талантбек Эдилов иштен бошоду. Ниязбек Козуев Москва районунун акими кызматынан бошотулуп, Илияз Ташбаев келдиАлмаз Байгазиев Майлуу-Суу шаарынын мэри болуп…

Кененирээк

Адыл Сапаров Алай районунун акими кызматына киришти

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемесине ылайык, Сапаров Адыл Солтоевич Ош облусунун Алай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким болуп дайындалды. Жаңы акимди бүгүн, 9-март күнү Алай районунун активине Ош облусунун башчысы Аманкан Кенжебаев тааныштырып, жаңы ишине ийгилик каалады.

Кененирээк

Ат-Башыга жаңы аким дайындалды

Камчыбек Ташиевдин чукул тапшырмасынан кийин Ат-Башыга жаңы аким дайындалды. Райондун жаңы жетекчиси болуп Мухтар Шербаев бекитилди. 48 жаштагы аткаминер буга чейин Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда акимдин орун басары болуп иштеген. Эске салсак, буга чейин Камчыбек Ташиев облус башчысы Нурбек Сатаровдон районго эмне үчүн дагы эле жаңы жетекчи дайындалбаганын сурап, бул маселени бүгүн чечүү тапшырмасын берген….

Кененирээк