Быйыл өлкөдө Акыркы коңгуроо 29-майда кагылат
Агартуу министрлиги бүтүрүүчүлөрдөн жана ата-энелерден акча чогултууга тыюу салынганын эске салды. Ошондой эле мектептен тышкары кошумча иш-чараларды уюштурууга, фейерверк, жарылуучу же кооптуу техникалык каражаттарды колдонууга уруксат берилбейт. Адатта Акыркы коңгуроо 25-майда белгиленет, бирок бул жолу жазгы каникулдар узартылгандыктан жылды.


