Агартуу министрлиги бүтүрүүчүлөрдөн жана ата-энелерден акча чогултууга тыюу салынганын эске салды.
Ошондой эле мектептен тышкары кошумча иш-чараларды уюштурууга, фейерверк, жарылуучу же кооптуу техникалык каражаттарды колдонууга уруксат берилбейт.
Адатта Акыркы коңгуроо 25-майда белгиленет, бирок бул жолу жазгы каникулдар узартылгандыктан жылды.


