Мектеп формасы өзгөртүүсүз калтырылды

Агартуу министрлиги бирдиктүү мектеп формасы боюнча сунуштарды карап чыгып, токтомду өзгөртүүсүз калтырды.

Кыздар үчүн мектеп формасы

-классикалык стилде тигилген ар кандай айкалыштагы блузка, жилет, юбка, шым, көйнөк, фартук, пиджак.

Эркек балдар, өспүрүмдөр үчүн мектеп формасы

-ар кандай айкалыштагы көйнөк, жилет, шым жана пиджак.
Пиджак, жилет жана шым бир түстүү кездемеден (кара, боз, көк жана кочкул кызыл) классикалык стилде тигилет.

Бирдиктүү форма балдардын ортосундагы социалдык айырмачылыктарды азайтып, кийим-кечеге байланыштуу атаандаштыкты жана материалдык абалга жараша басымдын алдын алат.

Буга чейин депутат Дастан Бекешев мектеп формасы ыңгайсыз экенин, аны өзгөртүү керектигин бир нече жолу айткан.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *