«Жашыл Мурас» улуттук кампаниясы: Таласта Тянь-Шань карагайынын 90 миңге жакын көчөтү отургузулду

Таласта «Жашыл Мурас» улуттук кампаниясынын алкагында 100 гектар жерге Тянь-Шань карагайынын 88 миң көчөтүн отургузуу башталды.

Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаевдин айтымында, иштер Талас районунун Талды-Булак айылындагы Чоң-Кошой капчыгайында башталган.

Бак тигүүгө облустук мекемелердин кызматкерлери, 500 ыктыярчы, экологдор жана активдүү жарандар катышууда.

Жумаев бул демилге жаратылышты коргоого, жашыл аймактарды кеңейтүүгө жана келечек муундар үчүн экологиялык таза мурасты сактоого багытталганын белгиледи. Быйыл отургузула турган бак-дарактардын санын тогуз миллионго жеткирүү пландалууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *