Кыргызстан ВПЧ-вакцинация менен камтуу боюнча алдыңкы 10 өлкөнүн катарына кирди

2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда адам папиллома вирусуна каршы вакцинация менен камтуу 90,5%ды түздү.

Өлкө ВПЧ-вакцинаны ийгиликтүү киргизүү боюнча Европа регионундагы алдыңкы он өлкөнүн катарына кирди. Бул маселе Саламаттык сактоо министрлигинин эксперттер, ЮНФПА жана Үй-бүлөнү пландоо альянсы менен өткөргөн жумушчу кеңешмесинде талкууланды.

Кийинки кадам — жатын моюнчасынын рагын эрте аныктоо системасын өнүктүрүү болот. Саламаттык сактоо министрлиги ВПЧ-тестирлөөгө скринингдин жаңы стандарты катары өтүүнү карап жатат.

Министрдин орун басары Гүлбара Ишенапысованын айтымында, вакцинация — бул баштапкы алдын алуу, ал эми өз убагындагы так диагностика оорунун өнүгүшүнө чейин эле тобокелдиктерди аныктоого мүмкүндүк берет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *