Токтогул суу сактагычында мыйзамсыз балык уулап жаткандарга айып салынды

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы рейд жүргүзүп, суу сактагычтан 7 чакырым тор чыгарылганын кабарлады. Ошондой эле тор салып жүргөн эки адам аныкталып, аларга 11 миң сомдон айып салынган. Мекеменин кабарлашынча мындай рейддик иш-чаралар өлкөдөгү ири көлмөлөрдө жана суу сактагычтарда жүргүзүлүп жатат.

Кененирээк

Эми балдар жана майыптыгы бар адамдар акысыз балык уулай алышат

Айыл чарба министрлиги балык уулоонун жаңы эрежелери бекитилип, ишке киргенин кабарлады. Ага ылайык, I, II жана III топтогу майыптыгы бар жарандар, Чернобыль атомдук электр станциясындагы авариянын кесепеттерин жоюуга катышкандар жана 14 жашка чейинки өспүрүмдөр акысыз балык уулай алат. Аларга бир суткада 2,5 килограммга чейин балык кармоого уруксат берилет.

Кененирээк