Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы рейд жүргүзүп, суу сактагычтан 7 чакырым тор чыгарылганын кабарлады.
Ошондой эле тор салып жүргөн эки адам аныкталып, аларга 11 миң сомдон айып салынган.
Мекеменин кабарлашынча мындай рейддик иш-чаралар өлкөдөгү ири көлмөлөрдө жана суу сактагычтарда жүргүзүлүп жатат.


