Кытайдын Гуанчжоу шаарынан Бишкекке аба каттам ачылды
Жекшемби күнү China Southern Airlines авиакомпаниясы тарабынан аткарылган алгачкы каттам менен 134 жүргүнчү Бишкекке учуп келип, кайра 104 жүргүнчү учуп кетти. Гуанчжоу – Бишкек – Гуанчжоу багытындагы каттам аптасына эки жолу – шаршемби жана жекшемби күндөрү аткарылат. Белгилей кетсек, China Southern Airlines компаниясы Бишкектен Бээжин шаарына жумасына алты жолу каттам аткарат.

