Шайлоого барбасаң — бир күндүк айлык жок. Маматалиев жаңы тартипти түшүндүрдү

Президенттик шайлоого 2027-жылдын 27-январында катышпаган жарандарга ошол күн үчүн эмгек акы эсептелбейт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында парламент төрагасы Марлен Маматалиев билдирди. Шайлоо биринчи жолу шаршемби күнү өтөт — жумуш күнүн тандоо менен шайлоочулардын катышуусун көбөйтүү көздөлүүдө. Маматалиевдин айтымында, добуш берүүгө катышкан жарандардын эмгек акысы сакталат, ал эми тиешелүү тизмелерди БШКдан алууга болот. Учурдагы мыйзамда…

Кененирээк

Парламенттин төрагасынын алдындагы Бизнести өнүктүрүү боюнча кеңештин иши жандандырылды

Төрага Марлен Маматалиев акыркы үч жылда бул кеңештин иши дээрлик токтоп калганын айтып, эми аны активдештирүү чечими кабыл алынганын билдирди. Жыйында парламент менен бизнестин кызматташуусу, текшерүүлөргө убактылуу мораторий жана көзөмөл органдарынын ишин өзгөртүү маселелери талкууланды. Жакынкы мезгилде Жогорку Кеңеш ишкерлердин укуктарын коргоо, административдик басымды азайтуу, атаандаштыкты өнүктүрүү жана кайра иштетүү тармагын колдоо боюнча мыйзам долбоорлорун…

Кененирээк

Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев Россияга расмий сапар менен барды

Делегацияны аэропорттон Россиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасынын орун басары Анна Кузнецова тосуп алды. Маматалиев алгач эле Москвадагы «Марьина Роща» мектебинде кыргызстандык мигранттардын балдары үчүн өткөрүлүүчү тестирлөөнүн тартиби менен таанышышты. Депутаттар тапшырмалардын татаалдыгын белгилеп, аны жөнөкөйлөтүүнү сунушташты. Андан соң делегация ВДНХда кыргыз диаспорасы жана эмгек мигранттары менен жолугуп, актуалдуу маселелерди талкуулашты. Жакынкы күндөрү Марлен Маматалиев Россиянын Мамдумасынын…

Кененирээк

Жогорку Кеңеш спикердин отставкасы боюнча кептерге комментарий берди

Парламенттин басма сөз кызматы бул маселе боюнча эч кандай талкуу болбогонун билдирди. Маалым болгондой, спикердин Түркияга расмий сапары пландалгандай жүрүп жатат. Парламенттин жетекчилигине байланыштуу кадрдык өзгөрүүлөр тууралуу азырынча жарыялана элек.

Кененирээк