2026-жылы борбор калаада экинчи таштанды иштетүүчү заводдун курулушу башталат
Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев муниципалитеттин коллегиясында билдирди. Анын айтымында, жаңы объект ишке кирсе, комплексинин жалпы кубаттуулугу суткасына 3 миң тоннага чейин жетет. Мунун негизинде Бишкек шаарынын гана эмес, бүтүндөй Чүй аймагынын катуу тиричилик калдыктарын иштетүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Эске салсак, Борбор Азиядагы алгачкы экотехнологиялык завод 2025-жылдын 27-декабрында ачылган. Учурда ал 80 миң тонна…

