Республикалык спорттук колледждин директору Айбек Ташматов камалды

Биринчи май райондук сотунун чечими менен Шералы Сыдыков атындагы спорттук колледждин директору 15-апрелге чейин камакка алынды. Ташматовго Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен айып тагылууда. Камчыбек Ташиев 5-февралда Республикалык спорттук колледждин жаңы комплексинин ачылышына катышып, Ташматовго унаа белек кылган.

Кененирээк

Ташиевдин тарапташы Нургазы Анаркулов эки айга камалды

Анаркуловдун бөгөт чарасы Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралып, №1 тергөө абагына эки айга камакка алуу тууралуу чечим чыкты. Маалыматты бизге Анаркуловдун адвокаты Мунарбек Супатаев тастыктады. Ага “Массалык башаламандыктар” беренеси менен айып тагылууда. Анаркулов 2021-жылы президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүн жетектеп турганда да кармалган. Ал УКМКнын экс-төрагасы Камчыбек Ташиев менен жакын мамиледе экени айтылып келет….

Кененирээк