Кыргызстанда компаниялар үчүн «кара тизме» даярдалып жатат

Экономика министрлигинин маалыматы боюнча, санкциялык тобокелдиктерге байланыштуу 40ка жакын компания текшерилген. Алардын ичинен 16 компания боюнча материалдар компанияларды жоюу маселесин чечүү үчүн сотко өткөрүлүп берилген. Ошондой эле Кыргызстанда санкциялык тобокелдиги жогору болгон компаниялардын жана жарандардын атайын «кара тизмеси» даярдалып жатат. Банктар да көзөмөлдү күчөтүүдө. «Элдик Банк» 126га жакын компаниянын, ал эми «АБанк» 100гө жакын компаниянын эсептерин жапты.

Кененирээк

Кыргызстан–Франция түз авиакаттамын ачуу мүмкүнчүлүгү каралууда

Кыргызстан Франция менен түз авиакаттамдарды ачуу мүмкүнчүлүгүн карап жатат. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” мамлекеттик ишканасынын директору Манасбек Самидиновдун Франциянын Кыргызстандагы элчиси Николя Фай менен жолугушуусунда айтылды. Эгер иш оңунан чыкса каттамдарды француз авиакомпаниялары ишке ашырат деп пландалууда. “Кыргызстан аэропорттору” ишканасы эл аралык маршруттарды кеңейтүүгө жана өнөктөштөр менен иштешүүгө кызыкдар экенин билдирди. Бирок Кыргызстан азырынча Европа…

Кененирээк