Улуттук госпиталда катаракта боюнча акысыз операциялар өткөрүлөт
2026-жылдын 18-27-май күндөрү Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук Госпиталда Кытай Эл Республикасынын офтальмолог-дарыгерлери «Экспресс-ден соолук — жаркын саякат» эл аралык долбоорунун алкагында бейтаптарды акысыз текшерүүдөн өткөрүп, катаракта боюнча операцияларды жүргүзүшөт. Долбоордун алкагында катаракта диагнозу коюлган бейтаптарга 300 операция жасоо пландалууда. Операциялар амбулатордук негизде жүргүзүлөт.Бейтаптарды каттоо 2026-жылдын 12-майынан 18-майына чейин жүргүзүлөт.Каттоо убактысы: иш күндөрү…


