Албаниядагы эл аралык мелдеште кыргыз балбандары эки коло медаль утту

Тирана шаарында өткөн рейтингдик турнирде Үзүр Жусупбеков менен Раззак Бейшекеев коло медалга ээ болду. Жусупбеков 97 килограмм салмакта күрөшсө, Бейшекеев 72 килограмм салмак ченинде күч сынашты. Аталган мелдеште килем үстүнө Кыргызстандын атынан Акжол Махмудов, Улан Муратбек уулу, Курманбек Жапаров, Амантур Исмаилов, Ырыскелди Максатбек уулу жана Мелис Айтбеков да чыкты. Бирок байгелүү орундарга илешкен жок.

Кененирээк

Мээрим Жуманазарова Албаниядагы турнирде күмүш медаль тагынды

Ал кыз-келиндер күрөшүнөн 68 килограммга чейинки салмакта финалга чыгып, алтын байге үчүн болгон беттеште болгариялык Юлиана Яневага 2:0 эсебинде утулуп калды. Дагы бир кыргызстандык балбан Гүлнур Таштанбекова 65 килограммга чейинки салмакта коло медаль тагынды. Ал индиялык Апекша Патилди 4:3 эсеби менен жеңип алды. MUHAMET MALO–2026 рейтингдик турнири ушу тапта Албаниянын Тирана шаарында өтүп жатат.

Кененирээк

Кыргызстандык самбочулар Минск шаарындагы мелдеште эки коло медаль утту

Беларустун борборунда өткөн самбо боюнча эл аралык мелдеште эки кыргыз спортчусу байгелүү орундарды ээледи. Күжүрмөн самбо боюнча 98 килограмм салмак ченинде күч сынашкан Кутман Кайыпбеков үчүнчү орунду алды. Ошондой эле 64 килограмм салмак ченинде килемге чыккан Саяк Бараканов да коло медаль тагынды.

Кененирээк

Ок атуу боюнча Азия биринчилигинде кыргыз спортчулары коло медаль алды

Мелдештин командалык түрү боюнча кыргызстандык ок атуучулар үчүнчү орунду алды. Кыргыз курамасында Альбина Түлөбердиева, Жибек Бекташова жана Даткайым Садыкова чеберчилигин көрсөттү. Ошондой эле дагы бир командалык күч сынашууда, Абдураззак Муратов менен Жибек Бекташева да үчүнчү орунду камсыз кылды. Чемпионат Индиянын Нью-Дели шаарында өтүп жатат. Ага 19 өлкөдөн 385 спортчу катышууда.

Кененирээк