Мелдештин командалык түрү боюнча кыргызстандык ок атуучулар үчүнчү орунду алды. Кыргыз курамасында Альбина Түлөбердиева, Жибек Бекташова жана Даткайым Садыкова чеберчилигин көрсөттү.
Ошондой эле дагы бир командалык күч сынашууда, Абдураззак Муратов менен Жибек Бекташева да үчүнчү орунду камсыз кылды.
Чемпионат Индиянын Нью-Дели шаарында өтүп жатат. Ага 19 өлкөдөн 385 спортчу катышууда.

