Санариптик өнүктүрүү министрлиги жоюлат
Анын функциялары президенттин Иш башкармалыгына өткөрүлөт. Садыр Жапаров санариптештирүү боюнча жарлыкка кол койду. ▪️ Санариптештирүү күчөтүлөт, бирок бизнес үчүн азырынча натыйжалуулугу төмөн. ▪️ Президенттин Иш башкармалыгы эми санариптештирүү, жасалма интеллект, байланыш жана мамлекеттик кызматтар үчүн толук жооп берет. ▪️ Мамлекеттик мекемелердеги санариптештирүү боюнча чиновниктер кыскартылат. ▪️ Санариптик реформаларды тездетүү, кызматтарды жөнөкөйлөтүү жана бюрократияны азайтуу пландалууда.


