29 жаштагы Айваз Оморканов Улуттук олимпиада комитетине президент болду
Шайлоо аяктаганын комитеттен билдиришти. Буга чейин 3 талапкердин ысымы айтылган болчу. Бирок Волейбол федерациясынын президенти Элмурза Сатыбалдиев менен Кыргыз футбол биримдигинин биринчи вице-президенти Нурдин Букуев талапкерликтен баш тартты. Триатлончу Оморканов 2021-жылдан бери Эл аралык хоккей федерациясынын (IIHF) вице-президенти, Кыргызстандын Хоккей федерациясынын башкы катчысы болуп иштеген. Париж Олимпиадасынан кийин Улуттук олимпиадалык комитетти Умбеталы Кыдыралиев жетектеп келген.


