АКШда мигранттар үчүн коммерциялык айдоочулук күбөлүктү алуу талаптары күчөтүлдү
Кыргызстандын ТИМи АКШда коммерциялык айдоочулук күбөлүк CDL берүү жана узартуу боюнча талаптар күчөтүлгөнүн билдирди. Бул боюнча АКШнын Транспорт министрлиги жана тиешелүү федералдык органдар түшүндүрмө берген. CDL алууга же узартууга төмөнкү категориялар гана укуктуу: -АКШ жарандары -«грин-карта» ээлери -айрым жумуш визалары менен жүргөн чет өлкөлүктөр. Федералдык органдар тааныган иммиграциялык макамы жок мигранттарга EAD жана SSN болсо…

