Садыр Жапаров УКМК мамлекетке алып койгон заводду кайра кайтарып берүү боюнча тапшырма берди
Сөз Кызыл-Кыядагы консерва чыгарган завод тууралуу болууда. Өлкө башчынын Кадамжай жана Кызыл-Кыянын тургундары менен жолугушуусунда аталган заводдун жетекчиси 1978-жылдан бери өндүрүштү иштетип келгенин, чыгарган товарынын көбү Россиянын Саха Республикасына жөнөтүлүп турганын айтты. Бирок былтыр октябрда завод мамлекетке өтүп, Кызыл-Кыя шаарынын мэриясына берилген. Андан бери жамаат чачырап, өндүрүш токтоп калган. Садыр Жапаров мамлекет жеке колдорго арзан сатылып кеткен,…


