Айбек Жунушалиев Октябрь районунун акимин кызматтан алып, эки вице-мэрге эскертүү берди

Бишкек мэри Айбек Жунушалиев Орто-Сай базарындагы абалга нааразы болуп, бир катар чечимдерди кабыл алды. Октябрь районунун акими Жаныбек Орозалиев жана анын биринчи орун басары Майрамбек Адылбеков кызматтан бошотулду. Ошондой эле вице-мэрлер Азамат Кадыров менен Рамиз Алиевге эскертүү берилди. Мэр базарда башаламан соода кайра жанданып, көзөмөл жетишсиз болгонун сынга алды.

Кененирээк

Садыр Жапаров үч министрди кызматтан бошотту

Бул тууралуу Президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди. Президент Садыр Жапаров өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевди, жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиевди, ошондой эле транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаевди ээлеген кызматтарынан бошотту.

Кененирээк

Президенттин жана минкабдын Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү алмашты

Тиешелүү тескемеге Адылбек Касымалиев кол коюп, Алмасбек Абытовдун ордуна Бектур Зулпиев дайындалган. Ал буга чейин өлкө башчынын кеңешчиси болчу.

Кененирээк

Жогорку Кеңеш спикердин отставкасы боюнча кептерге комментарий берди

Парламенттин басма сөз кызматы бул маселе боюнча эч кандай талкуу болбогонун билдирди. Маалым болгондой, спикердин Түркияга расмий сапары пландалгандай жүрүп жатат. Парламенттин жетекчилигине байланыштуу кадрдык өзгөрүүлөр тууралуу азырынча жарыялана элек.

Кененирээк