Кыргызстан жөнөткөн 7 фура гумжардам Иранга жетти

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргызстандын гуманитардык жардам кербени Серахс шаарына жеткенин кабарлады. Аны кабыл алуу иштери 7-апрелде бажы процедуралары аяктагандан кийин жүргүзүлөт. Эске салсак, 66 тонна азык-түлүк, 63 тонна дары-дармек жүктөлгөн 7 фура 3-апрелде Кыргызстандан жөнөп кеткен.

Кененирээк

Калктын саны Кыргызстанда 7,39 млн адамдан ашты

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, 2025-жылдын 1-декабрына өлкөнүн туруктуу калкы 7 395 000 адам болду. 2025-жыл ичинде өсүү:— Январь–ноябрь айларында калк саны 112 800 адамга көбөйгөн (1,5%)— Өсүү негизинен табигый көбөйүүнүн эсебинен келип чыккан.

Кененирээк

Чек ара маселеси боюнча Ташиев менен Ятимов жолугушту

1-декабрда Тажикстан Республикасынын Согди облусунун Бустон шаарында, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын Өкмөттүк делегацияларынын теңтөрагалары Камчыбек Ташиев жана Саймумин Ятимовдун жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди. Жолугушуунун жүрүшүндө жетекчилер кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча 2 өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун ишине…

Кененирээк