Стамбул шаарында Кыргыз киносунун күндөрү өтөт
24–26-март күндөрү Стамбул шаарындагы «Atlas» кинотеатрында Кыргыз киносунун күндөрү өтөт. Маданият министрлигинин маалыматына ылайык, иш-чара кыргыз киносун эл аралык деңгээлде таанытуу жана түрк көрүүчүлөрүн кыргыз кино өнөрү менен жакындан тааныштыруу максатында уюштурулууда. Программанын алкагында «Кара Кызыл Сары» тасмасы Актан Арым Кубаттын, «Качкын» Дастан Жапар уулунун жана «Бейиш 2» Руслан Акундун режиссерлугунда көрсөтүлөт. Тасмаларда кыргыз коомунун…

