Долбоорду Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду колдоп жатат. Аянты 5 миң чарчы метрди түзөт. Үч миң тоннага чейин тоңдурулган мөмө-жемиш жана жашылчаларды сактоого болот. Кийинчерээк көлөмү эки эсеге чейин көбөйөт.
“Биз жөн эле кампа куруп жаткан жокпуз, биз Кыргызстандын экологиялык таза продукция өндүрүүчү катары дүйнөлүк рынокко таанылышына шарт түзүп жатабыз”, — деди Артём Новиков.
Анын айтымында, жаңы комплекс фермерлерден продукцияны үзгүлтүксүз кабыл алууну камсыздап, аны сапаттуу сактоого өбөлгө болот.

