Айрым эреже бузуулар боюнча бир ай ичинде айыпты төлөгөндөргө жеңилдик берилбей калышы ыктымал

Кеп 188-беренесинин 4 жана 5-бөлүктөрүн, 189-беренесинин 1-бөлүгүн, 192-беренесинин 2 жана 3-бөлүктөрү жөнүндө болуп жатат. Буларда каршы тилкеге чыгуу, кооптуу маневр жасоо жана жолдо бараткандардын өмүрүнө коркунуч келтирүү тууралуу айтылган. Укук бузуулар жөнүндө кодекске сунушталган өзгөртүүлөрдө протоколдор санарип түрдө түзүлүп, айып пулдарды банктык тиркемелер аркылуу төлөө мүмкүнчүлүгүн киргизүү сунушталган.

Кененирээк

Кытайда BYD электромобилдерин чыгаруучу заводдо өрт чыкты

Кытайдын Шэньчжэнь шаарындагы BYD электромобилдерин чыгаруучу заводдо өрт чыкты. Өрт тез жайылып, окуя болгон жерге бир нече өрт өчүрүүчү бригадалар жөнөтүлгөнү кабарланууда.Жаракат алгандар тууралуу маалымат жок.

Кененирээк

Бишкекте акыркы төрт жылда скутер жана мопед катышкан жол кырсыктары 12 эсеге өстү

2025-жылы борбор калаада скутерлер катышкан 682 жол кырсыгы катталып, 756 адам жаракат алып, 14 адам каза болгон. Бул көрсөткүчтөр 2022-жылга салыштырмалуу кыйла жогору. Бул тууралуу скутер, мопед жана жеке мобилдүүлүк каражаттарынын айдоочулары үчүн жол коопсуздугу боюнча өткөн форумда айтылды. Скутер айдоочулары:2022-жыл — 55 жол кырсыгы, 62 жаракат алган, каза болгондор жок;2023-жыл — 68 жол кырсыгы,…

Кененирээк