2025-жылы борбор калаада скутерлер катышкан 682 жол кырсыгы катталып, 756 адам жаракат алып, 14 адам каза болгон. Бул көрсөткүчтөр 2022-жылга салыштырмалуу кыйла жогору.
Бул тууралуу скутер, мопед жана жеке мобилдүүлүк каражаттарынын айдоочулары үчүн жол коопсуздугу боюнча өткөн форумда айтылды.
Скутер айдоочулары:2022-жыл — 55 жол кырсыгы, 62 жаракат алган, каза болгондор жок;2023-жыл — 68 жол кырсыгы, 73 жаракат алган, 2 каза болгон;2024-жыл — 393 жол кырсыгы, 438 жаракат алган, 7 каза болгон;2025-жыл — 682 жол кырсыгы, 756 жаракат алган, 14 каза болгон.
Электросамокат жана башка жеке мобилдүүлүк каражаттары:2022-жыл — 14 жол кырсыгы, 14 жаракат алган;2023-жыл — 10 жол кырсыгы, 10 жаракат алган;2024-жыл — 108 жол кырсыгы, 115 жаракат алган;2025-жыл — 93 жол кырсыгы, 100 жаракат алган, 1 каза болгон.
Мотоцикл айдоочулары:2022-жыл — 19 жол кырсыгы, 17 жаракат алган, 2 каза болгон;2023-жыл — 31 жол кырсыгы, 37 жаракат алган, 1 каза болгон;2024-жыл — 60 жол кырсыгы, 71 жаракат алган, 4 каза болгон;2025-жыл — 72 жол кырсыгы, 80 жаракат алган, 2 каза болгон.


