УКМК чет өлкөлүк адам жетектеген «Аврора-Тур» ЖЧКсы 10 сотых жерге уруксат алып, 3,58 гектар жерди мыйзамсыз ээлеп алганын кабарлады.
Жерге тиешелүү документтери жок эле шагыл казууну, майдаланган таш өндүрүүнү уюштурган. Мунун натыйжасында мамлекетке 15 миллион сомдон ашык зыян келтирилген.
Атайын кызмат Л.Ж.Ж. аттуу чет элдик убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин жана ишке тиешеси бар башка адамдар аныкталып жатканын кабарлады.


