Манас шаарына өзгөчө кырдаал режими киргизилди

24-майда нөшөрлүү жамгырдын кесепетинен шаардагы 27 турак үйдүн короосун суу каптап, 4 үйдүн ичине жана 1 үйдүн жер төлөсүнө суу кирген. Ошондой эле 7 көп кабаттуу турак үйдүн короосун жана жер төлөсүн каптаган. Таңкы саат 04:00 штаб уюштурулуп, шаарга өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Кошумча маалымат берилет.

Кененирээк

Манас шаарынын мэри алмашты

Манас шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков кызматтан алынды.Тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койгонун өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады. Дагы бир жарлыкка ылайык, Абдупата Маткаликов Манас шаарынын мэри болуп дайындалды. Жаңы шаар башчысы тууралуу ачык булактарда маалымат аз. Ал Жалал-Абадда туулган, 62 жашта, кесиби боюнча инженер-механик. 2020-жылы “Мекенчил” партиясынан, 2021-жылы “Ишеним” партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгон.

Кененирээк