Кыргызстандын курамасы ат спорту боюнча эл аралык мелдеште 4 медаль жеңди

Ат спорту боюнча Дүйнө кубогунун тандоо турнири 23-апрелден 3-майга чейин Ташкент шаарында өттү. Анда кыргызстандык спортчулар конкур жана выездка боюнча күч сынашты. Ринат Галимов конкур боюнча эки алтын жана бир коло медаль жеңди. Ал 135 сантиметрге чейинки тоскоолдуктар боюнча 1-орунду, 130 сантиметрлик маршрутта 3-орунду ээледи. Ошондой эле Six Bar багытында 175 сантиметр бийиктикти багындырып, казакстандык…

Кененирээк

Кыргызстандык жөө күлүктөр Азия биринчилигинде күмүш медаль алды

Япониянын Фукуока шаарында өткөн Азия чемпионатында кыргыз курамасы кросс түрүндөгү жарышта экинчи орунду ээледи. Командада Нурсултан Кенешбеков, Жусуп Сулайман уулу жана Тилекжан Жекшеналы уулу күч сынашты. Биринчи орунду Япония ээлесе, үчүнчү орунду кытай спортчулары камсыздады.

Кененирээк