«Намыс» командасы Көк бөрү турниринде чемпион болду
Көк бөрү боюнча Нооруз майрамына арналган республикалык мелдеште жогорку лигада Нарындын «Намыс» командасы алгачкы жолу жеңүүчү болду. Финалдык беттеште теңир тоолуктар Таластын «Ынтымак» командасын 4:3 эсеби менен жеңип алды.Нооруз турнирин тогуз жолу уткан «Ынтымак» командасы көп жылдан бери алгачкы жолу биринчиликти алдырып жиберди. «Ынтымактын» негизги атаандашы болгон «Достук» командасы быйыл мелдештен четтетилген эле.Жогорку лигада 3-орунду…

