Бишкекте 5-октябрда мектептер жана бюджеттик мекемелер онлайн иштейт

Бишкекте 5-октябрда мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер, министрликтер, бюджеттик жана билим берүү уюмдары онлайн форматта иштейт. Мындай чечим жаңы «Бишкек Арена» стадионунун ачылышына байланыштуу кабыл алынды. Иш-чарага 65 миңге чейин көрүүчү келери күтүлүүдө. Шаарда унаалардын агымы көбөйүп, жол тыгындары жаралышы мүмкүн. Онлайн формат жолдорго түшкөн жүктү азайтып, мекемелердин жана окуу процессинин үзгүлтүксүз иштешине шарт түзөт.

Кененирээк

Бишкектеги 30дан ашык мектеп онлайн окууга өтөт

Бишкекте 21–23-май күндөрү Жалпы республикалык тестирлөөгө байланыштуу 30дан ашык мектеп убактылуу дистанциялык окууга өтөт. Онлайн форматта №1, 4, 6, 9, 10, 11, 13, 20, 24, 29, 38, 39, 40, 47, 50, 55, 62, 63, 64, 65, 66, 68, 69, 70, 72, 73, 75, 84, 88, 93, 96, 100, 101, 102 жана 103-мектептердин окуучулары билим алышат.

Кененирээк

Бишкекте мамлекеттик айдоочулук мектебине онлайн окутуу башталды

Айдоочулук күбөлүк боюнча экзамендерди өткөрө турган жол кыймылын сертификациялоо борбору да ачылды. Баары бир имаратта жайгашкан. Биринчи кабат жасалма интеллектке негизделген экзамендер үчүн колдонулат, ал жерде видеобайкоо катуу жүргүзүлөт. Айдоочулук мектеби экинчи кабатта жайгашкан, бирок сабактар онлайн режиминде өткөрүлөт. Курстар эки тилде жүргүзүлөт. Курстун узактыгы 10 ай, баасы 19 000 сом. Борбор Горький көчөсү, 142…

Кененирээк