Орусиянын «көзөмөл реестрине» кирген кыргыз жарандарынын саны 93 миңден ашты

Кыргызстандын 93 миң 693 жараны Орусиянын көзөмөл реестрине киргизилген. Бул 2026-жылдын 12-мартындагы маалымат экенин Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин консулдук бөлүмүнүн башчысы Бакыт Асаналиев билдирди. Анын айтымында, реестрге кирген жарандардын саны улам өзгөрүп, система жаңыланып турат. Башкы консул Орусиянын аймагында жүргөн Кыргызстандын жарандарын миграциялык мыйзамдар менен жакшылап таанышууга чакырды. Анын белгилешинче, ушул тапта бул өлкөдө 472 миңден…

Кененирээк

Женевадагы орус-украин сүйлөшүүлөрү жыйынтыксыз аяктады

17–18-февралда АКШнын ортомчулугу менен өткөн Женевадагы кезектеги сүйлөшүүлөр олуттуу прогресс алып келген жок. Экинчи раунд болгону 2 саатка созулуп, биринчи жолугушуудан үч эсе кыска болду. Орус делегациясынын башчысы Владимир Мединский диалог «оор өткөнүн» айтып, суроолордун көбүнө жооп берген жок. Владимир Зеленскийдин айтымында, тараптар чыгыш Украина жана «инфраструктуралык объекттер» боюнча позицияларын талкуулашкан. Бирок көз караштар айырмалуу…

Кененирээк

Европа биримдиги Кыргызстанга жаңы санкция салат

Евробиримдик «Орусияга учурдагы чектөөлөрдү айланып өтүүгө жардам бергени үчүн» деген негизде Кыргызстанга каршы санкцияларды киргизүүнү карап жатат. Бул тууралуу Bloomberg агенттиги билдирди. Маалыматка караганда, бул жолу Кыргызстанга карата санкцияларды кыйгап өтүүгө каршы чаранын атайын механизми колдонулушу мүмкүн. Негизинен өлкөгө станок жана радиоэлектрондук жабдыктардын ташылышына тыюу салуу каралып жатат.

Кененирээк