Ош шаарына эл аралык стандарттагы «Oxford» билим берүү мекемеси курулат

Ош шаарына эл аралык стандарттагы Oxford International School билим берүү мекемесинин жаңы филиалын куруу боюнча сүйлөшүү жүрдү. Жаңы мектеп 5 кабаттуу болуп, 850 окуучуга ылайыкталат. Белгилей кетсек, аталган мектеп окуучуларды эл аралык деңгээлдеги программалар — Cambridge IGCSE жана International Baccalaureate Diploma Programme программалары аркылуу окутат. Бул программалар бүтүрүүчүлөргө дүйнөнүн 140 окуу жайына экзаменсиз окууга тапшырууга…

Кененирээк

Оштогу СИЗОну музейге айлантуу сунушталды

Идеяны мамкатчы демилгелеп, аталган мекеме шаар сыртына көчүрүлөрүн, ал эми имаратты музей кылууга калаа мэри каршы эместигин жазды. “Ош шаарынын чок ортосунда СИЗО жайгашкан эски имарат бар. Тарыхый имарат. Алымбек датканын уулу Камчыбек 1890-жылдардын башында кербен сарай катары салдырган. Тагдырдын оюнун караңыз, оторчулар имаратты түрмөгө айлантып, Камчыбек өзү дал ушул жерде түрмөдө отурган. Ал жөнүндө…

Кененирээк

Ошто аэропортко кетчү альтернативдүү жол жаңыланат

Калаа мэриясынын айтымында, Ош көчөсү Раимбеков көчөсүнөн Касымбеков көчөсүнө чейин төрт тилкелүү болуп кеңейтилет. Көчөнүн жалпы узундугу 3 чакырымды түзүп, кеңдиги 24 метрге чейин болот. Эки тарабында тротуар жана жашыл аймак каралган. Бул Ош аба майданына алып барчу кошумча альтернатива жолдордун бири катары пайдаланылат.

Кененирээк

Ошто бир күндө 1300 көчөт отургузулду

Бүгүн Ош шаарындагы Э.Алиев көчөсүндө жайгашкан, мурда рекультивацияланган Хохлова көрүстөнүнүн аймагында кеңири масштабдагы жашылдандыруу иш-чарасы өткөрүлдү. Долбоордун негизги максаты — шаардагы экологиялык абалды жакшыртып, жаңы эс алуу жана жашыл мейкиндиктерди түзүү. Иш-чарага Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев, Жогорку Кеңештин депутаттары, шаардык кеңештин төрагасы, коомдук ишмерлер, аксакалдар,…

Кененирээк